БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровго жана Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбеге Ысык-Көлдө улуттук ат оюндары көрсөтүлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чара Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо өттү. Анын кире беришинде добулбас жаңырып, конокторду улуттук кийимчен жигиттер жана кыздар тосуп алышты.
Андан соң көк бөрү, куш салуу, тайган менен аңчылык кылуу, ат үстүндө жаа атуу жана кыз куумай оюну көрсөтүлдү. Жыйынтыгында каскадёрлор жигитовка, эр сайыш жана ат үстүндө "өрттөнүү" трюктарын аткарышты.