Тууну Михаил Егоров, Мелитон Кантария, Алексей Берест сайган эле. Нацисттердин парламентин камалоого 9-дивизия катышып, имараттын ар кыл жерине 40 желекти орнотушкан.
Чабуулда туунун бирин жоокерлер алгачкылардан болуп Рейхстагдин кире беришине илген. Алар 19 жаштагы Григорий Булатов менен 20 жаштагы Рахимжан Кошкарбаев болчу. Кийин көп жылдан соң 2024-жылы Казакстанда аларга 3-даражадагы Аскердик каармандык орденин ыйгарышкан.
"Тууну абдан толкунданып карап турдум. Ушундай экен да! Азыр аны жогору жакка алып чыгышат да, кыйраган Берлиндин үстүнөн желбиретишет. Чалгынчылар да толкунданып турушкан эле. Жеңиш туусун орнотуу дал ушул жөнөкөй советтик жигиттердин шыбагасына буюрган экен!" — деп 22 жаштагы капитан Неустроев ошол ирмемдерди эскерген.
Жеңиштин туусунун символу болгон желекте алгач эч кандай жазуу болгон эмес. Рейхстагдын куполунда орок менен балка, жылдыз түшүрүлгөн кызыл мата желбирейт. Андан сырткары, 150-аткычтар дивизиясы ыйгарган туунун "5" деген катар номери жазылып турган. Тууну кайра чечип алышкан соң баасы кымбат символикалык бул буюм 756-аткычтар полкунун штабында, андан соң 150-аткычтар дивизиясынын саясий бөлүмүндө сакталган. Кийинчерээк "79 с.к., 3 у .а., 1 б.ф" — "79 стр. корпус, 3 ударная армия. 1 Белорусский фронт" деген жазуу пайда болгон.
Бул жерде тарыхый сүрөттүн автору Евгений Халдейге да өзгөчө токтоло кетүү керек. Фотограф Мурманскиден Берлинге чейинки жолду басып өтүп, согушта бир да жолу жаракат алган эмес. Ал эми Нюрнберг процессинде Герингдин дүйнөлүк гезиттердин башкы беттерине тараган сүрөтүн тарткан. Халдей камерасын полго коюп, СССРден барган сот катчысынын ордуна отуруп, керектүү учурда жапкычты (затворду) баскан. Бул жоругу үчүн аны аккредитациядан ажыратышмак, бирок катчы жумшагыраак болгон.
"Жөн эле "рахмат" менен кутула албайт. Мага эки бөтөлкө виски карыз болот", — деп тамашалаган. Ошентип, маселе ошол жерден чечилген.
Кайра Рейхстагга туунун илинишине келели. Ал учурда немецтердин бөлүп-жарылган топтору жаалдана каршылык көрсөткөн. 2-май күнү эртең менен нацисттер Берлиндин багынып бергенин жарыя кылышат.