Бишкекте BITF 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсү өтүүдө. Сүрөттөр

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Жаштык арена" аянтчасында Bishkek International Tourism Fair (BITF 2026) аттуу эл аралык туризм жана меймандостук көргөзмөсү өтүп жатат.
1 / 3

Көргөзмө туризм тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого жана жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө багытталган.

2 / 3

Экспозицияда Кыргызстандын жети облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүүдө.

3 / 3

BITF 2026 көргөзмөсүнө 130дан ашуун жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялар катышууда.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов катышууда.
Көргөзмөнүн ачылыш аземинде Касымалиев сөз сүйлөп, туризм тармагын өнүктүрүүнүн маанисине токтолду. Ал Кыргызстанда туризмди илгерилетүү, инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы иштерге өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
BITF 2026 көргөзмөсүнө 130дан ашуун жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялар катышууда. Экспозицияда Кыргызстандын жети облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, Индия, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстандын улуттук стенддери сунушталган. Иш-чара 2-майда аяктайт.
Иш-чаранын алкагында туристтик маршруттар, мейманкана сектору, транспорттук чечимдер жана санариптик сервистер боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөр тааныштырылууда.
Көргөзмө туризм тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого жана жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө багытталган.
БУУнун штаб-квартирасында кыргызстандык уз-чеберлердин эмгеги эл назарына коюлду