БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Борбор калаада 16-майда 500дөн ашык адамдын тынч митингге чыгышы пландалып жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев айты.
Акциянын төркүнү — баңгизат боюнча соттолгон жаштардын жазасы.
Максим Горький сейил багындагы акцияга балдары жалаага кабылып айыпталды делген ата-энелер катышары айтылды. Сөз Кылмыш-жаза кодексинин 154, 155, 157 жана 158-беренелери тууралуу болуп жатат.
"Соттолгондордун арасында күнөөлүүлөр бар, бирок ата-энелер айрым жаштар негизсиз айыпталып калганын айтышууда. Алардын бири беш жылга эркинен ажыратылган, дагы бири учурда СИЗОдо кармалып жатат", — деди эл өкүлү.
Жороевдин айтымында, 10 миң доллардан 2 миллион сомго чейин сураган учурлар кездешип жатканын кошумчалады.
Эл өкүлү санаган беренелер оор жана өтө оор категориядагылар.
Алар:
Алар:
154-берене — зордуктоо;
155-берене — сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер;
157-берене — он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер;
158-берене — ыплас аракеттер.
Ырайым демекчи, жылдын башында президент Садыр Жапаров баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу жоопкерчиликке тартылгандардын ата-энелерин жана жакын туугандарын кабыл алган. Жолугушууга келгендер мамлекеттин кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн кароону, ошондой эле соттолгондор үчүн жазаны жеңилдетүүнү өтүнүшкөн.
Мамлекет башчысы биринчи жолу кылмыш жасаган адамдарды, эгерде негиздер болсо жана мыйзамда белгиленген тартиптер сакталса, айрым учурларда ырайым кылуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин баса белгилеген.