БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШ деңиз каттамдарына жасаган чектөөлөрү менен бүтүндөй дүйнөгө кооптуулук жаратууда деп мүнөздөдү. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Буга чейин, 29-апрелде, Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Тегеран өзөктүк программасынан толук баш тартмайынча деңиз блокадасын токтотпой турганын билдирген. Анын пикиринде, мындай кысым аскердик чабуулдарга караганда алда канча натыйжалуу. Ал эми Пезешкиан Ирандын каршылаштары кармашуунун ыкмасын өзгөрткөнүн, ачык согуштун ордуна деңиз соодасын чектөө жана экономикалык курчоого алуу аркылуу кысым көрсөтө баштаганын белгиледи.
"Деңизди курчоого алуу же кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү аракеттери — эл аралык укуктарды бузгандык. Бул аймактагы элдин кызыкчылыгына гана эмес, бүтүндөй дүйнөнүн тынчтыгы менен туруктуулугуна коркунуч келтирет. Мындай аракеттер адатта ордунан чыкпайт", — деген Пезешкиан Ирандагы "Перс булуңунун күнүнө" карата сүйлөгөн сөзүндө.
Иран президентинин маалымат кызматы билдиргендей, ал Перс булуңу кимдир бирөөнүн өзү билемдик менен эркин таңуулай турган жер эмес. Тескерисинче, эл аралык өз ара кызматташуу системасынын ажырагыс бөлүгү экенин кошумчалаган.