Экрандагы агрессия реалдуу жашоого да чыгабы?

Sputnik
Кыргызстанда “Өч-2” (“Месть”) тасмасы прокаттан алынып салынды. Мындай чечимди Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин комиссиясы кабыл алды. Алардын айтымында, тасмада зомбулук жана ырайымсыздык сахналары басымдуулук кылат, ошондой эле ал коомго оң социалдык баалуулуктарды жеткирбейт. Мындай чечим коомдо ар кандай талкууларды жаратты. Айрымдар муну туура кадам десе, башкалары көрүү эркиндигине чектөө катары баалашууда.
Ушул маселе боюнча биз бүгүнкү "Стоп кадр" программасына философия илимдеринин доктору, ага окутуучу, педагог-психолог Кадиян Бообекованы чакырдык. Адис белгилегендей, мындай тасмалар адамдын психикасына өз таасирин тийгизип, агрессияга болгон мамилени өзгөртүшү мүмкүн. Айрыкча жаштар үчүн контент тандоо өтө маанилүү экенин ал баса белгилейт.