Кыргызстанда талаш-тартыштарды сотко жеткирбей чечүү багытында маанилүү кадам жасалды — жаңы мыйзамдардын негизинде медиация институту кеңейтилип, Медиаторлор палатасы расмий түзүлдү. Эми айрым жарандык жана кылмыш иштеринде сотко кайрылуудан мурда медиатор менен жолугуу милдеттүү болуп, талаштарды тынч жол менен чечүү мүмкүнчүлүгү кеңеет. Бул өзгөрүүлөр укуктук системага кандай таасир берет, жарандар жана бизнес үчүн канчалык пайдалуу болот? Палатанын иши тууралуу Кыргызстандын медиаторлор палатасынын төрайымы Гүлсина Кожоярова сөз кылды.