УКМКнын экс-төгарасы Камчыбек Ташиевге эки берене боюнча айып тагылганын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. Анын айтымында, биринчиси — бийликти күч менен басып алууга даярдануу, экинчиси — кызматынан кыянаттык менен пайдалануу. Анткен менен адвокат Ташиев айыптоолорго макул эмес экенин белгиледи. Тергөө УКМКнын мурдагы төрагасын эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарган. Ал эми Курманкул Зулушев менен Нурлан Тургунбек уулу да суралууда, бирок алардын макамы азырынча белгисиз. Үчөөнүн кечээ да суракка алынганы айтылган. Бүгүн Ташиев өзүнө карата иш козголгонун билдирип, кайрылуу жасаган. Анда УКМКнын мурунку төрагасы күнөөсү жок экенин, акталып чыгарын белгилеп, элди кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерден оолак болууга чакырды.
Депутат Жылдыз Эгенбердиева дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаратып, кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Негиздемеде шыпаагерлерге кол салуу тенденцияга айланып бара жатканы белгиленип, бул медиктердин ишин солгундатып, бейтаптардын сакайышына терс таасирин тийгизери айтылган. Мындан улам өз ишин кылып жаткан медиктерге кол салгандарга келтирген чыгымына жараша эки айдан өйдө түзөтүү иштерине тартуу же 20 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салуу сунушталды. Ал эми кол салуудан медиктин ден соолугуна залал келсе үч жылдан сегиз жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган. Ошондой эле бейтаптар жана алардын жакындары тарабынан дарыгердин ден соолугу жабыркаса камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укуктуу болору айтылган.
9-май — Жеңиш күнүнө карата Каракол шаарында Кыргызстан менен Россиянын өнөрпоздору катышкан чоң программадагы концерт тартууланат. Ысык-Көлгө россиялык "Любэ", "Блестящие" топтору жана белгилүү ырчы Николай Басков келип ырдаары айтылды. Иш-чараны "Евразия" уюму менен мэрия биргеликте уюштурууда.
Россия президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Жеңиш күнүнө карата Украина менен убактылуу элдешүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу РФ жетекчисинин жардамчысы Юрий Ушаков маалымдаганын РИА Новости жазды. "Трамп майрам Экинчи дүйнөлүк согуштагы нацизм кыйраган жалпы жеңишти түшүндүрөрүн билдирип, сунушту кубануу менен колдоп берди", — деди Ушаков. Лидерлердин 1,5 саатка созулган сүйлөшүүсүндө Путин Трампка кол салынышын айыптап, буга байланыштуу колдоо сөздөрүн айткан; Россия президенти Трамптын Иранга карата ок чыгарбоо режимин узартуу боюнча чечимин туура деп эсептейт; Москва АКШнын Иранга каршы пландалган кургактагы операциясын кооптуу деп санайт; Россия Иран, Перс булуңундагы өлкөлөр, Израиль жана АКШ менен байланышын улантат; Трамп Украинадагы жаңжалга чекит кое турган келишимге аз калды деген ишенимде; Путин Трампка россиялык аскерлер үстөмдүк кылып, каршылаштардын жолун бууп жатканын айткан; Лидерлер жаңжалды создуктуруп жаткан Зеленскийдин режимине карата орток пикир билдирип, соңунда жылуу коштошушкан.