Садыр Жапаров 9-майда Жеңиш аянтында болчу митинг-реквиемге катышат. Президенттик администрациядан иш-чаранын алкагында Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, 2000дей жоокер марш менен өтөрү кабарланды. Келген коноктор жоокер боткосунан даам татып, майрам концерт менен жыйынтыкталат.Ошондой эле, Бишкекте "Өчпөс полк" акциясын өткөрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу уюштуруучулар социалдык тармактардан билдирип, Бишкек мэриясы да маалыматты тастыктады. Жүрүш 9-майда саат 9:00дө башталып, кадимки маршрут боюнча – Түштүк дарбазадан Жеңиш аянтына чейин Байтик баатыр/Абдрахманов көчөлөрү менен өтөт.
Майрам күндөрүнө байланыштуу 30-апрелден тарта Бишкектеги автобекеттерде каттамдардын саны көбөйтүлөрүн шаардык мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, негизинен Ысык-Көл жана Нарын багыттары боюнча кошумча каттамдар уюштурулат. Иш күндөрү бул багыттарга 100гө жакын унаа чыкса, майрам күндөрү алардын саны дээрлик эки эсеге көбөйөт. Автобекеттер кадимки режимде, күн сайын саат 07:00дөн 23:30га чейин иштейт. Күндүз негизинен кичи автобустар каттаса, кечкисин автобустар жүрөт. Ошондой эле Алматы, Тюмень, Кашкар жана Артуш багыттары боюнча эл аралык каттамдар туруктуу иш алып барууда. Батыш багытындагы "Аккула" автобекетинен Талас облусуна, ошондой эле Ташкент жана Жизак шаарларына каттамдар бар. Мындан тышкары, 15-майдан 15-октябрга чейин Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен багыттары боюнча сезондук каттамдар ишке киргизилери кошумчаланды.
29-апрелден 5-майга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу күн сайын саат 09:00дөн 16:00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун 54-чакырымында жайгашкан жөө өтмөктү демонтаждоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу максатында унаалардын кыймылы убактылуу чектелет. Жол жабылган учурда айдоочулар үчүн айланма жол уюштурулары айтылды. Министрлик жарандарды жана айдоочуларды сапарга чыгар алдында маршруттарын алдын ала пландап алууга чакырат.
Кытайда Эмгек майрамы белгиленерине байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы бир катар өткөрүү пунктулары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 30-апрелде "Эркеч-Там" өткөрүү бекети саат 22:00дөн, ал эми "Торугарт" посту саат 20:00дөн тарта адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү токтотот. Бул пунктулар 2-май күнү саат 08:00дөн тарта кайра иштей баштайт. Ошондой эле "Бедел" посту 1-майдан 5-майга чейин жабылып, 6-май күнү саат 08:00дө иштей баштайт. Чек ара кызматы жарандарды сапарды алдын ала пландап алууга чакырат.