Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Захарова Зеленскийдин өзөктүк курал сураганы боюнча үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Батыш Европа Владимир Зеленскийдин "өзөк опузасынын" биринчи курмандыгына айланышы ыктымал. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде айттты.
Буга чейин киев режиминин жетекчиси Батыштан коопсуздук кепилдигине кошуп өзөктүк курал алуу оюн билдирген.
"Зеленский мындай сөзү менен өзөктүк жаңжалдын тутанышын шарттап жатат, мында Батыш Европа анын алгачкы курмандыгы болуп калышы толук мүмкүн", — деди Захарова.
Ал өзөктүк курал жаатында тобокелдиктерди Россия эмес, Украина Куралдуу күчтөрү жаратып жатканын кошумчалады.
Пентагон Украинага Конгресс бөлгөн акчаны бергенден баш тартып жатат