Россия ЕАЭБ айдоочулары үчүн жүрүү мөөнөтүн узартты

Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Россия Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдөн жүк ташып келген айдоочулар үчүн өлкө аймагында жүрүү мөөнөтүн узартты.
Жаңы эрежеге ылайык, эми айдоочулар Россияда жылына мурдагыдай 90 күн эмес, 180 күнгө чейин жүрө алышат. Бул өзгөртүү жүк ташуу тармагындагы айдоочуларга жана транспорттук компанияларга бир топ жеңилдик берет.
Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына караганда, буга чейинки 90 күндүк чектөө логистикалык процесстерге тоскоолдук жаратып, айдоочулардын ишин татаалдаштырып келген.
Жаңы тартип 30-июндан тартып күчүнө кирет.
ЕЭК министри Борбор Азиянын логистика жаатында мүмкүнчүлүгү зор экенин айтты