"Дайыма кыялдангам!" Трамп Букингем хан сарайында жашагысы келгенин айтты

Британ монархы жубайы менен учурда Вашингтондо иш сапар менен жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Букингем хан сарайында жашоону кыялдангандыгын жана муну Карл III менен талкууласам деген ниети бар экенин айткан.
"Өмүр бою Букингем хан сарайында жашасам деп кыялдангам! Муну падыша жана ханыша менен бир нече мүнөт талкуулайбыз", — деп Трамп Truth Social тармагына жазган.
Ошентип ал Daily Mail гезитиндеги макалага пикирин билдирди. Анда автор Трамп менен Карл IIIнү Шотландиянын падышасы Яков IIнин чөбөрөсү, үчүнчү граф Леннокс (1490–1526) бириктирип, андан улам бири-бирине 16 ата өткөн тууган экенин ырастайт.
Британ монархы жубайы менен учурда Вашингтондо иш сапар менен жүрөт. Карл III шейшембиде Конгрессте сүйлөгөн.
Британияда Трампка каршы 134 млрд долларлык доо арыз берүү сунушталды