БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев ИИМге күбө катары сурак берди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булак кабарлады.
Анын айтымында, Ташиевден тышкары, кечээ күнү мурдагы депутаттар Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулу да суракка алынган.
Булар кайсы иш боюнча суралып жатканы азырынча белгисиз.