БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Өлкөдөгү чет элдик компаниялардын 2100дөн ашууну россиялык капитал менен иштейт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов Бишкекте өткөн "Санариптик өнүгүү: Россия — Кыргызстан" форумунда билдирди.
Ал бул абсолюттук рекорд экенин айтты. Адис белгилегендей, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан россиялык бизнестин Кыргызстанга болгон кызыгуусу жогору бойдон калууда, товар жүгүртүү өсүүдө.
"Кыргызстанда россиялык компаниялар ийгиликтүү иштеп, санариптик трансформациянын артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатышат. Биз мындан ары да тажрыйба менен бөлүшүүгө даярбыз, россиялык инновациялар менен экономикалык өсүштү жана улуттук коопсуздукту чыңдаган экосистеманы түзө алабыз", — деди ал.