"Бойдок экенимди билишип..." Кесиптештеринен ыдык көргөн старшина кыз арызданды

Акыйкатчы институту Ош шаардык прокуратурасына текшерүү жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылып, иш жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Милиция кызматкери кесиптештери тарабынан харасментке кабылганын айтып, омбудсменге кайрылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалымдалгандай, ал кесиптештери тарабынан психологиялык, моралдык басымга кабылып, сексуалдык асылууга туш болгонун айткан. Ошондой эле жетекчиликке кайрылгандан кийин да чара көрүлбөй, тескерисинче, басым күчөгөнүн билдирген.
Милициянын старшинасы өзү иштеген ЖОЖдун кароолчуларынын үстүнөн да даттанган.
"Университеттин кароолчулары бойдок экенимди билип, ар ким менен тааныштырууга аракет кылышчу. Тааныштарын алып келген учурлары дагы болду. Адепсиз видеолорду атайын үнүн чыгарып көрүшчү", — деген жабырлануучу.
Бул боюнча Акыйкатчы институту Ош шаардык прокуратурасына текшерүү жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган. Ички иликтөөнүн жыйынтыгында командирге сөгүш жарыяланган, ал эми эки күзөтчүгө карата тартиптик чара көрүлгөн.
Балыкчыда 15 жаштагы кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жигит кармалды