Кыргызстан айыл чарба продукциясын 80ден ашык өлкөгө сатат

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстан 80ден ашык өлкөгө айыл чарба продукциясынын 60тай түрүн экспорттоп жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Ведомство белгилегендей, Евразия экономикалык биримдиги өлкөлөрү Кыргызстандын экспортунун негизги багыты бойдон калууда. 2025-жылдын январь-декабрь айларында ЕАЭБ алкагындагы сооданын көлөмү 17,1 миллиард сомду же жалпы экспорттун 51 пайызын түздү.
Мында айыл чарба продукциясынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү 13,3 пайыз болуп, өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 8,8 пайыз көрсөткүчтөн кыйла өскөн.
ЕАЭБ ичиндеги негизги багыттар:
Россия – 7,8 миллиард сом (эт-сүт продукциясы, жашылча, жемиш);
Казакстан – 7,8 миллиард сом (жашылча, жемиш, тоок эти, сүт азыктары);
Беларусь – 1,5 миллиард сом (эт-сүт продукциясы, тоют, макарон азыктары);
Армения – 13 миллион сом (жашылча, жаңгак, эт азыктары).
Кыргызстан сыртка жүзүм менен мейизди көбүрөөк сата баштады