БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбенин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында сегиз документке кол коюлду. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди.
Документтер билим берүү, айыл чарба, саламаттык сактоо, инвестицияларды коргоо, маданият, санариптик өнүгүү жана маалымат технологиялары боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.
Кол коюлган негизги макулдашуулардын арасында:
дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу;
инвестицияларды колдоо жана коргоо;
маданият жаатындагы кызматташтык;
санариптик өнүгүү жана маалымат технологиялары боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
жогорку билим берүү, айыл чарба жана саламаттык сактоо тармактарындагы кызматташтык документтери;
эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталары ортосундагы келишим бар.
Расмий тараптар бул документтер эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.