БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев ага карата кылмыш иши козголгонун билдирип, соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
Ал күнөөсү жоктугун жана акталып чыгарын белгилеген.
"Кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан коргонууга толук мүмкүнчүлүгүм бар, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө өлкө башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган "кемпир-абадчылар" да акталышты", — деди ал.
Ташиев элди мыйзамдын чегинен чыкпоого чакырып, ар кандай аракеттердин зарылдыгы жок экенин белгилеген.