БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. "Бишкек электр тармактар" ишканасынын директору, башкы эсепчиси жана анын орун басары кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти.
Милиция алар мекемеден акчаны мыйзамсыз чыгарууга шектелип, кылмыш иш козголгонун билдирди.
"Тергөө 2023-жылдан 2026-жылдын март айына чейин ишкананын директору А.М., башкы эсепчи Ч.И. жана анын орун басары Д.Ш. менен алдын ала сүйлөшүп алып, мамлекеттик ишкананын акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Бухгалтерия аркылуу жалган документтер жасалып, айлык деген шылтоо менен акча сол чөнтөккө кеткен дешти.
"Аталган схемага ылайык, бухгалтерия аркылуу жасалма ведомосттор түзүлүп, акча айлык катары көрсөтүлүп, Д.Шнын банктык эсебине которулган. Андан соң акчалар накталай чыгарылып, бөлүштүрүлгөн. Мынан улам мамлекеттик ишканага өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген", — деп айтылат анда.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен иш козголгон.
ИИМ ишканага келтирилген зыяндын так суммасын атаган жок. Учурда бардык шектүүлөр эки айга тергөө абагына камалганын билдирди.