Тарыхты алып карай турган болсок кыргыздын кыз-келиндери зарылчылык жаралса жоого аттанып, элин коргогон учурлары бар. Кызды конок деп ата журту кадырлап чоңойтсо, кут алып келет, тукумубузду кобөйтөт деп кайын журту аздектеп мамиле кылган. Эркектин эки журту болсо, аялдын беш журту болот деп айтылган. Көчмөн калк ошону менен бирге эле кыздарына үй оокатка бүйрө болуп, камылгалуу, сарамжалдуу болгонду үйрөткөн. Биз бүгүнкү "Кеменгер" уктуруусунда кыргыздын кыз-келиндеринин тарыхтагы ордун этнограф менен биргеликте талкууладык.