«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?

Sputnik
Кыргызстанда калдыктарды башкаруу тармагында жаңы этап башталды — өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигине негизделген система ишке кирип, «Экооператор» ишканасы аркылуу утилизациялык жыйымдар топтоло баштады. Буга чейин эле ондогон миллион сом чогулуп, жаңы механизмдер киргизилип жатат. Бул өзгөрүүлөр экологиялык абалды жакшырта алабы, ишкерлерге кандай таасир берет жана Кыргызстанды таштандыдан арылтууга канчалык көмөкчү болот? Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Экооператор» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Рустам Чикеев, жана Утилизациялык жыйымды төлөөчүлөр менен иш алып баруу жана товарларды декларациялоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Талантбек Кадыркулов кененирээк сөз кылды.