Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында министрлер кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешинин жыйыны болуп өттү. Отурумдун күн тартибине ылайык, 2027-2031-жылдарга Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн сунушталган сценарийлеринин ичинен негизги макроэкономикалык сценарийди тандоо боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин баяндамасы угулуп, координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан жактырылды. Өлкөнүн 2027-2031-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүүсүнүн сценарийлерине баа берүү 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн алдын ала жыйынтыктарын, 2026-жылдын январь-март айларындагы учурдагы макроэкономикалык динамиканы, ошондой эле улуттук экономиканын туруктуулугуна жана өсүү темптерине таасир этүүчү ички жана тышкы факторлорду талдоону эске алуу менен жүргүзүлдү.Сценарийлерди түзүүдө экономиканын негизги секторлорундагы реалдуу тенденциялар, экономиканын ресурстук мүмкүнчүлүктөрү, инвестициялык активдүүлүктүн жана ички суроо-талаптын динамикасы эске алынды. Ошондой эле экономикалык өсүштүн булактарын талдоого, анын ичинде артыкчылыктуу ири инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бюджеттик мейкиндикти түзүү маселесине көңүл бурулган.
Россиянын өкмөтү тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында тышкы соода операцияларында салык көзөмөлүн күчөтүү үчүн иштелип чыккан товарлардын күтүүлөрүн ырастоо системасы этап-этабы менен ишке ашырылат. Бул тууралуу "Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров билдирди. Анын айтымында, система КНС жана акциздик жыйымдар сыяктуу кыйыр салыктарды төлөөнү милдеттүү түрдө ырастоо менен жеткирүүлөрдү жөнгө салууга багытталган. "Системаны ишке киргизүү 2026-жылдын 1-апрелине пилоттук долбоор катары каралган, бирок орус тарап мөөнөттү жылдырды. Сыноо 1-июнда башталат, ал эми толук ишке ашыруу 1-октябрга пландаштырылган. 1-июндан баштап, жаңы системанын жөнгө салуусуна кирген товарларды Россияга экспорттоодо продукцияны Россиядан алгандыгын тастыктаган документ талап кылынат. Бул документти Федералдык салык кызматынын системасында катталган сатып алуучу - россиялык өнөктөш салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу түзүшү керек", - деп белгиледи.Такиров. Ал белгилегендей, бул ырастоо чек арадан өтүүдө, айрыкча Россия менен Казакстандын ортосундагы тилкеде кечигүүлөрдү болтурбоого жардам берет. Ошондой эле Такировдун айтымында, алдын ала маалыматка ылайык, Ozon жана Wildberries сыяктуу маркетплейстер аркылуу жеткирүүлөрдү да, ырастоочу документтер менен тариздөө милдеттүү бойдон калууда.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москвадагы ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты. Анда ЕАЭБдин электр энергиясынын жалпы рыногун түзүү боюнча планды жаңылоо сунушу жактырылган. Ошондой эле айрым LED модулдар 2028-жылдын июнуна чейин бажы төлөмдөрүнөн бошотулду. Улуттук маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча план да колдоого алынып, жаныбарлар жана алардын продукцияларын көзөмөлдөөнүн бирдиктүү механизми түзүлөрү белгиленди. Мындан тышкары, ЕАЭБ менен Тунистин ортосунда эркин соода келишимин түзүү мүмкүнчүлүгү каралып, маселе өлкө башчыларынын деңгээлинде талкууланары айтылды.Кийинки жыйын майда Астанада өтөт.