БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. "Ысык-Көл" пансионатына тиешелүү жер тилке мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, 2004-жылы Ысык-Көл районундагы аталган эс алуу жайына тиешелүү 1,9 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 273 миллион 149 миң сомду түзгөн мүлк мамлекетке кайтарылды.