БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. "Кыргызстан аэропорттору" ААКсы Кашкар — Ош — Кашкар багыты боюнча жаңы эл аралык авиарейс ачылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, каттамдарды Chengdu Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу — шейшемби күндөрү С909 үлгүсүндөгү учак менен аткарат.
Белгилей кетсек, Кашкар шаары Кытайдын батышындагы ири соода борборлорунун бири болуп саналат, Кыргызстанга жакын жайгашкан. Жаңы авиакаттам эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана туристтик байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.