БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Украинанын тышкы иштер министри Адрей Сибига нота тапшыруу үчүн Израилдин элчиси чакыртылганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматта Киев Россиянын жаңы региондорунан алынган эгинди жүктөп келген кеменин Хайфы портуна токтотулушуна нааразы экени айтылат.
Ал арада Израилдин ТИМ башчысы Гидеон Саар Украинага жооп кайтарып, айыптоого эч кандай негиз жок экенин белгилеген. Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы алака социалдык тармак же ЖМКлар аркылуу курулбайт.
"Курулай айыптоо далил болуп бербейт. ЖМК менен соцтармакка жазардан мурун юридикалык кеңеш алып койгонго да жараган жоксуңар", — деп жазган Саар Сибиганын билдирүүсүнүн алдына.