Садыр Жапаров ШКУ мамлекеттеринин коргоо министрлерин кабыл алды

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Садыр Жапаров ШКУ мамлекеттеринин коргоо министрлерин кабыл алды
Белгилей кетсек, коноктор коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн кечээ келишкен.
Жапаров Кыргызстан ШКУнун учурдагы төрагасы катары коргоо тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коргоо ведомстволорунун ортосундагы координацияны бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи.
Президент коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында жетишилген макулдашуулар ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.
Коргоо министри ШКУ аймактагы коопсуздуктун ишенимдүү кепили болорун айтты