БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. "Өчпөс полк" акциясынын уюштуруучулары Бишкек мэриясынан жооп күтүп жатышат. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде кыймылдын координатору Зульфира Хайбуллина билдирди.
Анын айтымында, жакынкы күндөрү жүрүш өткөрүүгө так жооп болот деп күтүлүүдө.
"Эгер уруксат берилсе, жүрүш 9-майда саат 9:00дө адаттагы маршрут менен — Түштүк дарбазадан Жеңиш аянтына чейин Абдрахманов көчөсү аркылуу өтөт", — деди Хайбуллина.
Азырынча акция Манас шаарында өтөрү белгилүү болду, ошондой эле Таласта өткөрүү пландалууда.