Курман айттын болжолдуу датасы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Быйылкы Курман айт 26 же 27-май күндөрүнө туш келиши мүмкүн.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы так дата майрамга жакын аныкталарын билдирди.
Курман айт — исламдагы эң негизги майрамдардын бири. Ал орозо аяктагандан кийин 70 күндөн соң белгиленет. Бул күнү айт намазы окулуп, курмандык чалынат.
Эске салсак, Орозо айт 20-мартта өткөн.
Ажыга аттангандар 11-майда жөнөп кетет. Муфтияттын түшүндүрмөсү