ШКУнун баш катчысы: коргоо чөйрөсүндө кызматташтыкты күчөтөбүз

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкектеги жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ШКУ өлкөлөрүнүн коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыгы күчөтүлөт. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев билдирди.
Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин тиешелүү ведомстволорунун жетекчилери эл аралык коопсуздуктун кеңири чөйрөсүн камтыган маселелерди талкуулаганын белгиледи.
"Бардык министрлер террорчулукка каршы аскердик машыгууларды улантуу, тажрыйба алмашуу жана кадрларды даярдоодо өз ара кызматташуу демилгесин колдошту. Ошондой эле күн тартибиндеги көйгөйлөргө жана коркунучтарга ыңгайлашуу зарылдыгы, маалыматтык жана киберкоопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бөлүү сыяктуу жаңы сунуштар берилди", — деди Ермекбаев.
Мындан тышкары, тараптар аскердик-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, аскер кызматкерлеринин ортосунда маданий иш-чараларды жана спорттук мелдештерди өткөрүү, аскердик медицинадагы өз ара кызматташууну чыңдоо боюнча пикир билдиришти.
Жолугушуунун соңунда коргоо министрлери бир катар документтерге кол коюшкан.
Мукамбетов: ШКУ өлкөлөрү жаңы коркунучтарга биргеликте каршы турууга даяр