Сүлүктүдөгү шахтада кенчи уранды алдында калып каза тапты

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы "Кара Садак" шахтасында 40 жаштагы кенчи уранды басып калып набыт болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-апрелде уранды түшүп, издөө иштерин жүргүзүшкөнүн, ага 19 куткаруучу тартылганын билдирди. Маркумдун сөөгүн урандынын астынан казып чыгарышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Баткендеги шахтада газ чыгып, эки кенчи каза тапты. Видео