Маалымат борбор

Иран — АКШнын жаңжалы ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү баага кандай таасир этүүдө?

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжал ЕАЭБ мамлекеттериндеги баага кандай таасир этип жатканын россиялык академик Геннадий Онищенко түшүндүрүп берди.
Бүгүн Sputnik агенттигинде "ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү биокоопсуздук" деп аталган видеокөпүрө өтүп, иш-чарага окумуштуу катышкан.
Онищенконун айтымында, жаңжалдан улам биринчи кезекте дизель жана бензин кымбаттады. Ормуз кысыгы аркылуу өткөн жана кургактыктагы маршруттар үзгүлтүккө учуроодо. Жүк ташуу оорлоп, айрым аймактарда, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө да кээ бир товарлардын тартыштыгы сезиле баштады.
Академик кырдаал альтернативдүү маршруттардын түзүлүшү менен турукташышы мүмкүн деп эсептейт.
"Перспективдүү багыттардын бири — Түндүк деңиз жолу. Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн жүктөрдү Беринг кысыгы аркылуу жеткирүү ылдамыраак жана арзаныраак болушу мүмкүн. Бирок жаңжал жакын арада аяктачудай эмес, ошондуктан рыноктогу абал оор бойдон калышы ыктымал", — деди ал Sputnik маалымат борборунда.
Жакынкы Чыгыштагы жаңжал ЖККУ аймагына да таасир этет. Лавровдун жыйындагы сөзү