БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москвадагы ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты.
Анда ЕАЭБдин электр энергиясынын жалпы рыногун түзүү боюнча планды жаңылоо сунушу жактырылган.
Ошондой эле айрым LED модулдар 2028-жылдын июнуна чейин бажы төлөмдөрүнөн бошотулду. Улуттук маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча план да колдоого алынып, жаныбарлар жана алардын продукцияларын көзөмөлдөөнүн бирдиктүү механизми түзүлөрү белгиленди.
Мындан тышкары, ЕАЭБ менен Тунистин ортосунда эркин соода келишимин түзүү мүмкүнчүлүгү каралып, маселе өлкө башчыларынын деңгээлинде талкууланары айтылды.
Кийинки жыйын майда Астанада өтөт.