29-апрелге карата аба ырайы

29-апрелде күндүз республиканын айрым аймактарында өткүн өтүп, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Шаршембиде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 23…28, Таласта 21…26, Ысык-Көл чөлкөмүндө 19…24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 22…27, Нарын облусунда 20…25 градус жылуу болот.
Абанын табы Бишкекте 24…26, Ош шаарында 25…27 градусту түзөт.
Ысык 37 градуска жетет. Май айында күтүлгөн аба ырайы