Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны

Sputnik
Акматбек Жаманбаев — кыргыз илимине олуттуу салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу, техника илимдеринин доктору, профессор жана коомдук ишмер болгон. Ал энергетика жана отун технологиясы тармагында узак жылдар бою эмгектенип, көмүрдү кайра иштетүү, энергия ресурстарын үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча маанилүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн.
Анын эмгектери өндүрүштө да кеңири колдонулуп, өлкөнүн энергетикалык потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн. Мындан тышкары, ал жогорку окуу жайларда жетекчилик кызматтарды аркалап, жаш адистерди тарбиялоого чоң салым кошкон.
Акматбек Жаманбаев коомдук-саясий турмушка да активдүү катышып, 1990-жылы эл депутаты болуп шайланган. Ал өзүнүн принципиалдуу позициясы, терең билими жана эл кызыкчылыгын коргогон көз карашы менен айырмаланып турган.
“Туяк” программасында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева болуп, биз кыргыз элине эмгеги сиңген окумуштуу, мамлекеттик ишмер Акматбек Жаманбаев тууралуу баарлаштык.