Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинде “Пробация” санариптик технологиялык системасына жаңы Face ID модулу киргизилди. Долбоор Башкы прокуратурага караштуу “Укук” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылган. Жаңы модуль веб-камералар аркылуу жүздү таануу технологиясы менен адамдарды идентификациялоону карайт. Бул пробация органдарына кайрылганда же айрым процедуралар жүргүзүлгөндө кардардын өздүгүн автоматтык түрдө тастыктоого мүмкүнчүлүк берет. Пробация департаментинин электрондук эсепке алуу жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Асек Элмирбек уулу Sputnik агенттигине билдиргендей, пробация көзөмөлүндөгү жарандар айына эки жолу каттоодон өтүү жана профилактикалык сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн келип турушат. Мурда эсеп кагаз түрүндө жүргүзүлүп келген, кийин манжа изи аркылуу идентификация киргизилген. Кийинчерээк паспорту жок кишилер жана жашы жете электер пайда болгон. Ошондуктан 15-апрелден тартып Face ID системасы иштей баштады. Ал өзгөчө документтери жок адамдар үчүн маанилүү. Ал кошумчалагандай, автоматташтыруу кардарларды кабыл алуу убактысын да кыскартты. Мурда бир сүйлөшүү бир сааттай убакыт алса, азыр болжол менен 15 мүнөткө чейин кыскарды.
Айыл чарба министрлиги кымыз даярдоого бирдиктүү стандар киргизүү пландалып жатканын билдирди. Маалыматта учурда кымыздын сапаты боюнча бирдиктүү стандарт жок экенин, аны жасоодо ар кандай технология колдонулары айтылат. Бул "Кыргыз кымыз" аталышындагы туруктуу улуттук брендди ички жана тышкы рынокко чыгарууну кыйындатууда. "Маселени чечүү үчүн кымыз өндүрүшүн стандартташтыруу, брендди ар кандай көргөзмөлөрдө илгерилетүү, ошондой эле логистика жана таңгактоо системасын өнүктүрүү пландалып жатат", — деп айтылат кабарда. Министрлик бул чаралар кымыздын сапатын бир калыпка келтирүүгө жана анын экспорттук потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжал ЕАЭБ мамлекеттериндеги баага кандай таасир этип жатканын россиялык академик Геннадий Онищенко түшүндүрүп берди. Бүгүн Sputnik агенттигинде "ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү биокоопсуздук" деп аталган видеокөпүрө өтүп, иш-чарага окумуштуу катышкан. Онищенконун айтымында, жаңжалдан улам биринчи кезекте дизель жана бензин кымбаттады. Ормуз кысыгы аркылуу өткөн жана кургактыктагы маршруттар үзгүлтүккө учуроодо. Жүк ташуу оорлоп, айрым аймактарда, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө да кээ бир товарлардын тартыштыгы сезиле баштады. Академик кырдаал альтернативдүү маршруттардын түзүлүшү менен турукташышы мүмкүн деп эсептейт. "Перспективдүү багыттардын бири — Түндүк деңиз жолу. Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн жүктөрдү Беринг кысыгы аркылуу жеткирүү ылдамыраак жана арзаныраак болушу мүмкүн. Бирок жаңжал жакын арада аяктачудай эмес, ошондуктан рыноктогу абал оор бойдон калышы ыктымал", — деди ал Sputnik маалымат борборунда.