Бишкектеги жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ШКУ өлкөлөрүнүн коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыгы күчөтүлөт. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев билдирди. Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин тиешелүү ведомстволорунун жетекчилери эл аралык коопсуздуктун кеңири чөйрөсүн камтыган маселелерди талкуулаганын белгиледи. "Бардык министрлер террорчулукка каршы аскердик машыгууларды улантуу, тажрыйба алмашуу жана кадрларды даярдоодо өз ара кызматташуу демилгесин колдошту. Ошондой эле күн тартибиндеги көйгөйлөргө жана коркунучтарга ыңгайлашуу зарылдыгы, маалыматтык жана киберкоопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бөлүү сыяктуу жаңы сунуштар берилди", — деди Ермекбаев. Мындан тышкары, тараптар аскердик-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, аскер кызматкерлеринин ортосунда маданий иш-чараларды жана спорттук мелдештерди өткөрүү, аскердик медицинадагы өз ара кызматташууну чыңдоо боюнча пикир билдиришти. Жолугушуунун соңунда коргоо министрлери бир катар документтерге кол коюшкан.
Былтыр алимент төлөөдөн качкан 1 205 жаран издөөдө жүрөт. Акыйкатчы институту алимент өндүрүү боюнча кайрылгандардын саны эки эсеге өскөнүн билдирди. Омбудсмен Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдардын алимент өндүрүү көйгөйүнө көңүл буруп, балдардын укугун коргоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө чакырды. Ал учурда иштеп жаткан алимент өндүрүү механизми жетиштүү натыйжа бербей, жарандар ата-энелик жоопкерчиликтен качып, баланын укуктары толук корголбой, маселе чоң социалдык көйгөйгө айланып бара жатканын белгиледи. "Алимент өндүрүү боюнча кайрылгандардын басымдуу бөлүгү аялдар. 2025-жылы 823 адам кайрылган, алардын ичинен 49у эркек, ал эми 774ү аялдар. Соттун чечими чыкканы менен алардын басымдуу бөлүгү ишке ашпай жатат. Бул алиментке байланыштуу негизги көйгөйлөрдүн бири. Акыйкатчы институтуна кайрылган арыз ээлеринин бардыгынын колунда сот чечими бар, бирок аткарылган эмес", — деп айтылат маалыматта. Омбудсмен жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтердин негизинде өкмөткө бир катар сунуштарды жөнөттү.
Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарында убактылуу чектөөлөр киргизилет. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, мындай чара Кытайда Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу көрүлүүдө. Ошентип, 30-апрелден тарта "Эркечтам - унаа жолу" өткөрүү пунктунда саат 22:00дөн тарта, ал эми "Торугарт - унаа жолу" өткөрүү пунктунда саат 20:00дөн баштап адамдарды, унаа жана жүктөрдү өткөрүү токтотулат. Аталган пункттар аркылуу өткөрүү 2-майда саат 08:00дөн тарта кайра жанданат. Ал эми "Бедел - унаа жолу" өткөрүү пункту 1-майдан 5-майга чейинки аралыкта өткөрүү операцияларын жүргүзүү үчүн жабык болот. Иштөө тартиби 6-майда саат 08:00дөн тарта кайра калыбына келет.
"Кыргызстан аэропорттору" ААКсы Кашкар — Ош — Кашкар багыты боюнча жаңы эл аралык авиарейс ачылганын билдирди. Маалыматка ылайык, каттамдарды Chengdu Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу — шейшемби күндөрү С909 үлгүсүндөгү