Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо

Sputnik
Паразиттик инфекциялар балдардын иммундук системасына, тамак сиңирүү органдарына жана жалпы өсүп-өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Ошондой эле гельминттер менен жабыркаган балдарда табиттин өзгөрүшү, алсыроо, ичи ооруу, аллергиялык реакциялар байкалат. Лямблиоз, токсокароз жана башка паразитардык оорулар негизинен гигиеналык эрежелерди сактабагандан келип чыгат. Айрыкча кир кол, булганган суу жана тамак-аш аркылуу жугуу коркунучу жогору. Өз убагында медициналык текшерүүдөн өтүү маанилүү жана дарыгердин көзөмөлүндө дарылануу зарыл. Муну менен катар гельминттердин баланын организмине тийгизген таасири, алардын ден соолукка келтирген зыяны жана дарылоо жолдорун, диагностика ыкмаларын “Ачык кеп” программасында Бурул Ураимахунова айтып берди.