Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.Белгилей кетсек, коноктор коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн кечээ келишкен.Жапаров Кыргызстан ШКУнун учурдагы төрагасы катары коргоо тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коргоо ведомстволорунун ортосундагы координацияны бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Президент коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында жетишилген макулдашуулар ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.
2026-жылдын башынан бери Улуттук банктын валюталык интервенцияларынын көлөмү 893,45 млн долларды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч мурунку жылдарга салыштырмалуу бир кыйла көп. "Интервенциялардын өсүшү объективдүү факторлорго байланыштуу. Акыркы төрт жылда өлкө экономикасы жыл сайын болжол менен 10% деңгээлинде туруктуу өсүш темпин көрсөтүүдө. Реалдуу сектордун кеңейиши тышкы соода операцияларынын көбөйүшү менен коштолууда, ал эми аларды тейлөө үчүн чет өлкө валютасы талап кылынат", - деди ал. Ошол эле учурда Улуттук банк интервенциялардын көлөмүн эл аралык резервдерге болгон катышы менен баалоо зарылдыгын баса белгилейт. Үстүбүздөгү жылга карата алардын көлөмү 9 млрд доллардан ашты жана өсүүнү улантууда.
Быйылкы Курман айт 26 же 27-май күндөрүнө туш келиши мүмкүн. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы так дата майрамга жакын аныкталарын билдирди. Курман айт — исламдагы эң негизги майрамдардын бири. Ал орозо аяктагандан кийин 70 күндөн соң белгиленет. Бул күнү айт намазы окулуп, курмандык чалынат. Эске салсак, Орозо айт 20-мартта өткөн.
Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү 9 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, 22-апрелге карата резервдер жыл башынан бери 4,7 пайызга же 404,4 млн долларга көбөйгөн, бул алардын жогорку деңгээлде сакталып жатканын айгинелейт. Козубеков белгилегендей, Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизип жаткан тышкы экономикалык шарттарды эске алуу менен өлкөдөгү баалардын кескин өсүшүн ооздуктоого багытталган.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Ирандын өзөктүк программасын эске албаган күндө да, Тегерандын Жакынкы Чыгышта үстөмдүк кылууга умтулуусунан улам Вашингтон үчүн көйгөй бойдон кала берерин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Өзөктүк маселе — биздин бул жаңжалга аралашуубуздун негизги себеби. Иран жөн гана радикалдар тарабынан башкарылган өлкө болгон күндө дагы көйгөй бойдон кала берет. Алар Ирандын өзүндө эле эмес, бүтүндөй аймакка үстөмдүк кылууга умтулушат", — деди Рубио. Ал ошондой эле Иран оңой эмес кырдаалдан чыгуунун жолун издеп жатканын белгиледи.