Акыркы жылдары кыргыз балы сапаты менен дүйнөлүк рынокто таанылып, экспорттун көлөмү да өсүп жатат. Бирок адистер белгилегендей, тармакты туруктуу өнүктүрүү үчүн балчылардын билимин жогорулатуу жана илимий изилдөөлөрдү күчөтүү өзгөчө мааниге ээ. Анткени заманбап талаптарга жооп берүү, сапатты сактоо жана атаандаштыкка туруштук берүү түздөн-түз билим менен илимге байланыштуу. Биз аарычылык тармагынын өнүгүүсү, көйгөйү жана анын келечеги тууралуу Кыргыз илимий-изилдөө институтунун аарычылык бөлүмүнүн жетекчиси, биология илимдеринин кандидаты Жакшылык Дүйшеналиев менен маектештик.