Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин кеңеши өтүп жатат. Иш-чарада Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Индиянын, Казакстандын, Пакистандын, Беларустун коргоо министрлери, Ирандын коргоо министринин орун басары жана ШКУнун баш катчысы катышууда.Коргоо мекемелеринин башчылары Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отко" гүлчамбар коюшту.
"Ысык-Көл" пансионатына тиешелүү жер тилке мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди. Маалымдалгандай, 2004-жылы Ысык-Көл районундагы аталган эс алуу жайына тиешелүү 1,9 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 273 миллион 149 миң сомду түзгөн мүлк мамлекетке кайтарылды.
Тышкы иштер министрлиги Евробиримдиктин Россияга каршы санкцияларынын 20-пакетине кыргыз компанияларынын киргизилишин өкүнүч менен кабыл алганын билдирди. Ведомство белгилегендей, европалык өнөктөштөр менен туруктуу диалогго, сапарларга жана талап кылынган бардык маалыматтар берилгенине карабастан, кыргыз тараптын позициясы эске алынган эмес. ТИМ мындай бир тараптуу кадамдар ишенимге доо кетирерин жана ЕБдин Кыргызстан, жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөзүнө каршы келерин белгиледи. Кыргыз тарап үчүнчү өлкөлөргө карата бир тараптуу чектөө чараларын колдонуу практикасына тынчсыздануусун билдирди. Бишкек Евробиримдикти республиканын кызыкчылыктарын эске алуу менен конструктивдүү диалогго чакырат. Белгилей кетсек, Европа биримдиги Кыргызстанды Россияга каршы санкцияларды айланып өтүү коркунучу бар өлкөлөрдүн катарына киргизип, көзөмөлдү күчөткөн атайын механизмди ишке киргизген. Санкциялардын 20-пакетинин алкагында айрым жабдууларды (мисалы, станоктор, роутерлер, радиостанциялар) Кыргызстанга экспорттоого чектөө коюлган.
Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы "Кара Садак" шахтасында 40 жаштагы кенчи уранды басып калып набыт болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-апрелде уранды түшүп, издөө иштерин жүргүзүшкөнүн, ага 19 куткаруучу тартылганын билдирди. Маркумдун сөөгүн урандынын астынан казып чыгарышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Германия канцлери Фридрих Мерц АКШнын Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу боюнча так стратегиясы жок экенин билдирди. Бул тууралуу n-tv гезити жазды. l "Согуш жакын арада токтойт деп үмүт артам. Ирандыктар ойлогондон алда канча күчтүү болуп чыкты, ал эми америкалыктардын сүйлөшүү учурунда таяна турган ынанымдуу стратегиясы жок сыяктуу", — деди Мерц. Канцлер АКШ "Иран жетекчилиги тарабынан катуу басмарланып" жатат деген пикирде. Анын айтымында, Вашингтондун кийинки кадамдары бүдөмүк болгондуктан жаңжал бүгүн-эртең бүтөт деш эртелик кылат. Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн атышпоо тууралуу макулдашуунун мөөнөтүн өз алдынча эле узартып койгон. Ишемби күнү сүйлөшүү жүргүзө турган делегациянын Пакистанга сапарын токтотуп, кийинчерээк Тегерандан "жакшы сунуш" түшкөнүн кабарлаган болчу. Иран "кысым, опуза алдында сүйлөшүүгө барбай турганын" башынан эле эскертип келет.