БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов Бишкектеги жыйындын жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери жаңы коркунучтарга каршы күчтөрдү бириктирүү зарылдыгына бир добуштан макул экенин билдиришти.
ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилери Борбордук Азия аймагында жана дүйнөдө коопсуздукту камсыздоо маселелерин талкуулашты.
“ШКУ өлкөлөрүнүн коргоо жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыгын чыңдоо боюнча пландар түзүлдү. Ошондой эле алдыдагы жылдарга кызматташтыктын негизги документтери бекитилди”, — деди министр.