БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкекте 9-май — Жеңиш күнү кандай белгиленерин Коргоо министрлигинин өкүлү Канатбек Бөлөкбаев Sputnik маалымат борборунда өткөн жыйында айтып берди.
Саат 10:30да Жеңиш аянтында ири митинг-реквием болот. Бул убакка чейин "Өчпөс полк" жүрүшүнүн катышуучулары да ошол жерге чогулуп бүтүшү керек.
"Саат 9:00дөн тарта шаар ичинде Коргоо министрлигинин параддык бөлүктөрү жана курсанттар согуш жылдарындагы ырларды аткарып, Жеңиш аянтына дейре жүрүш жасашат. Негизги иш-чара да ошол жерде өтөт. Ага бир катар аскердик окуу жайлардын курсанттары катышат", — деди Бөлөкбаев.
Жеңиш аянтында талаа ашканасы уюштурулуп, болжол менен 2000 адамга жоокер боткосу берилет. Ошондой эле согуш жылдарындагы аскердик техника жана артиллериялык куралдар көргөзмөгө коюлат.
Бул күнү коргоо министри Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлеринен кабар алып, куттуктоону пландап жатат.