БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкекте өткөн "ШКУ мейкиндигинде жасалма интеллект: ишеним жана туруктуу өнүгүү" форумунда санариптик өнүгүү министри Азамат Жамангулов жасалма интеллект өлкөнүн мамлекеттик саясатындагы негизги багыттардын бири болуп бара жатканын билдирди.
Анын айтымында, жасалма интеллект мамлекеттик башкарууну натыйжалуу, ыкчам жана ийкемдүү кылууга өбөлгө түзүүдө.
"Кыргызстан үчүн санариптик трансформация — бул жөн гана технологиялык жаңылануу эмес. Бул — маалыматтарга, алдыңкы технологияларга жана жарандардын ишенимине таянган мамлекеттик башкаруунун жаңы модели", — деди Жамангулов.
Министрдин айтымында, тарыхый маанилүү кадамдардын бири Санариптик кодекстин кабыл алынышы болду. Бул укуктук акт санариптик чөйрөнүн укуктук негизин түзүп, мамлекет, бизнес жана жарандардын өз ара аракеттенүү эрежелерин аныктады.
Жамангулов акыркы жылдары өлкөдө санариптик инфраструктура активдүү өнүгүп жатканын белгилеген. Учурда ведомстволор аралык система миллиарддаган транзакцияларды иштетип, электрондук кызматтар порталы жарандар үчүн бирдиктүү платформа болуп калды. Кыргызстанда бүгүнкү күндө 140тан ашык санариптик мамлекеттик кызмат жеткиликтүү.
Анын айтымында, санариптештирүү мамлекеттик кызматтардагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтып, натыйжалуулукту арттырууда маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле өлкөдө дата-борборлор курулуп, булут инфраструктурасы өнүгүп, суперкомпьютерлер жана атайын чиптер сатып алынууда. Бул жасалма интеллектини мамлекеттик башкарууга киргизүүгө жана улуттук тилдик моделдерди өнүктүрүүгө шарт түзөт.
"Биз KyrgyzstanAI Supercluster долбоорун ишке киргизебиз. Ошондой эле Kyrgyz Multilingual Foundation Model аттуу көп тилдүү улуттук ЖИ моделин түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Жасалма интеллект кыргыз тилин түшүнүп, маданиятыбызды жана салттарыбызды эске алышы керек", — деди министр.
Мындан тышкары, жасалма интеллект этикасы жана сертификация борборун түзүү, ошондой эле жарандар үчүн AI-ассистенттерди ишке киргизүү пландалууда.