БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барып, РФ лидери Владимир Путин менен бардык негизги маселелерди жөнгө салып келгенин Kaktus. media агенттигинде курган маегинде билдирди.
Мамлекет башчы Астанада өткөн экологиялык саммиттен кийин мүмкүнчүлүктү пайдаланып, бир нече маселени талкуулоо үчүн жолугушуу өткөрүүнү чечкенин айткан. Анын сунушун Россиянын президенти дароо колдогон.
"Сапардын биринчи күнүндө эки сааттан ашык Кыргызстан — Россия мамилелеринин ар багытын талкууладык. Бир катар маселелер боюнча кошумча сүйлөшүүлөрдү тиешелүү министрлердин катышуусунда өткөрүүнү макулдаштык, алар шашылыш чакыртылды. Ал эми кийинки күнү кеңейтилген курамда жолугушуу болду. Бардык негизги маселелер чечилди. Владимир Владимировичке ыраазычылык билдирүү орундуу деп эсептейм, акыркы беш жыл ичинде ал кызматташуунун бардык тарабы боюнча дайым колдоо көрсөтүп келет. Ошондуктан биз Россияны стратегиялык өнөктөшүбүз деп атайбыз", — деген Жапаров.
Эске салсак, эки өлкөнүн лидерлери 23-апрелде Кремлде жолугушкан. Жапаров Путинди августта Кыргызстанда өтө турган ШКУ саммитине чакырган.