БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борбору ("Унаа" мекемеси) айрым бөлүмдөр 1-майдан 10-майга чейин штаттык режимде иштей турганын билдирди.
Маалымдалгандай, Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларындагы бөлүмдөр майрам жана дем алыш күндөрүнө карабай саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт. Мындан тышкары, 4-майдан 8-майга чейин аталган бөлүмдөрдө айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендер кабыл алынып, күбөлүктөр берилет.
Алар:
Бишкек шаары:
Бишкек шаардык бөлүмү ("Аю Гранд")
"Биримдик 24" бөлүмү
Ош шаары:
Ош аймактык бөлүмү
Ош шаардык бөлүмү
Манас шаары:
Жалал-Абад аймактык бөлүмү
Каракол шаары:
Каракол бөлүмү