Эртеңден тарта Бишкекте унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. 28-30-апрель күндөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Мындай чечим Того Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбенин Кыргызстанга расмий иш сапарына байланыштуу кабыл алынганын ЖКККБ билдирди.
Иш сапардын жүрүшүндө төмөнкү жол тилкелеринде убактылуу чектөөлөр болот:
“Манас” эл аралык аэропортунан Фучик көчөсү аркылуу Чүй проспектине чейин;
Чүй проспекти;
Жусуп Абдрахманов көчөсү;
Манас проспектиси.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жарандарды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алууга жана маршруттарды алдын ала пландаштырууга чакырат.
28-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт