Трамп катышкан иш-чарада ок чыгарган кишинин эмнеге нааразы экени айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп катышкан Вашингтондогу салтанаттуу кечки тамак учурундагы ок атууга шектүү Коул Аллен АКШ бийлигин Украинага жардам берүүдөн баш тартканы үчүн сынга алганын New York Post гезитине таянып РИА Новости жазды.
"Шектүү (Коул Аллен — ред.) Трамптын администрациясын миңден ашуун постторунда сындаган. АКШнын Украинага колдоосу азайган сайын анын нааразычылыгы күчөгөндөй", — деп айтылат макалада.
Басылманын маалыматына караганда, Аллен айрыкча АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнсти апрелде Украинага жардам берүүдөн баш тартуу тууралуу сөздөрү үчүн катуу сынга алган. Гезит жазгандай, Аллен Украина Куралдуу күчтөрүнө каражат чогултуу боюнча бир катар иш-чараларды колдогон.
Ишемби күнү кечинде мылтык менен куралданган адам Ак үйдүн кабарчылары үчүн сый тамак уюштурулган Washington Hilton мейманканасынын залына кирип барган. Бардык катышуучулар, эң оболу президент, шашылыш эвакуацияланган. Кол салган адам Жашыруун кызматтын агентин жарадар кылып, кийинчерээк кармалган.
NBS телеканалы билдиргендей, 31 жаштагы Коул Томас Аллен мурда соттолгон эмес, куралды мыйзамдуу түрдө сатып алган.
Трамп Вашингтон Украинага 350 миллиард доллар каражат сарптаганын, бирок анын ордуна эч нерсе албаганын бир нече жолу билдирген эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский кармашка керектүү курал тартыш боло баштайт деп сарсанаа