Президенттик администрацияда санкциялар боюнча кеңешме өттү

Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча кеңешме өткөргөнүн "Ынтымак ордодон" кабарлашты.
Жыйынга мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Анда учурдагы кырдаал, тобокелдиктер жана иштеп жаткан чектөөлөрдүн кесепети талкууланып, аларды этабы менен алуу боюнча сунуштар иштелип чыккан.
"Мамлекеттик органдар эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатуу жана экспорттук-импорттук операцияларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө маалымат беришти", — деп айтылат маалыматта.
Кеңешмеде өлкөнүн санкциялык маселелер боюнча батыштык өнөктөштөр менен тынымсыз диалогуна өзгөчө көңүл бурулду. Соңунда мамлекеттик органдарга терс кесепеттерди азайтууга жана кыргыз компанияларын батыш өлкөлөрүнүн санкциялык тизмесинен чыгаруу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууга багытталган тиешелүү тапшырмалар берилди.
Британиянын депутаттары кыргыз аткаминерлерине санкция киргизүүнү сунуштады. Тизме