Кыргызстанга Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов келди

Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстанга Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов иш сапары менен келгенин Коргоо министрлиги билдирди.
"Манас" эл аралык аэропортунан аны КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы генерал-майор Талантбек Талипов тосуп алган.
Иш сапардын алкагында Белоусовдун Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуусу пландалууда.
Путин менен Жапаров Москвада жолукту. Видео