Жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталарын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, өзгөрүү Бишкекте өтө турган ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) саммитине жана Көчмөндөр оюндарына байланыштуу. Деген менен окуу жылы 25-майда аяктайт.
Белгилей кетсек, августтун аягы — сентябрдын башында Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУнун саммити өтөт. Анын алкагында кеминде 40тай ири иш-чара өткөрүлөрү айтылган. Саммит Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган учур менен дал келет.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына ШКУ лидерлери катышары күтүлүүдө